Жаңылыктар
ИИМдин ички аскерлери 9 айдын жыйынтыгын чыгарды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМдин ички аскерлери 9 айдын жыйынтыгын чыгарды

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жылдын 9 айынын жыйынтыгын чыгарды. Жыйында түштүк-батыш, түндүк-чыгыш аскер бөлүктөрүнүн, башкармалыктарынын, бөлүмдөрдүн башчылары укуктук тартипти, мыйзамдуулукту жана аскердик тартипти чыңдоо боюнча аткарылган иш-чаралар тууралуу маалымат беришти. 

Ошондой эле, күзгү-кышкы мезгилге даярдык, коронавирустун жайылышын алдын алуу жана 28-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңешке шайлоого карата даярдыктар талкууланды. Жыйында ийгиликтер менен катар кемчиликтер айтылып, аларды жоюу боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.