Москва шаарында Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык мунай заттарын жеткирүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Анда 2022-жылга мунай заттарынын индикативдүү тең салмактуулугу бекитилди. Буга чейин Россиядан 460 миң тонна бензин, 485 миң тонна дизель майы бажы төлөмүсүз келип турса, азыр алардын көлөмү көбөйтүлүп, 650 миң тонна бензин жана 550 миң тонна дизель майы бажы төлөмүсүз ташылат.