Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров өлкө казынасын бир жылда эки эсеге көбөйтүү тууралуу депутаттардын суроосуна жооп берди.
Анын айтымында, бажы кызматынын көмүскө аракеттери тыйылат. Ушул жылы аталган кызмат 50 миллиард сом чогултууну пландаган. Кийинки жылы бул сумма 150 миллиард сомго көбөйөт. Мындан сырткары салыктык жыйноолор арбыйт. Ушу жылы өлкө казынасын 280 миллард сом менен жаап, кийинки жылы болжол менен 400 миллард сомго аткаруу пландалууда, - деди Жапаров. Өлкөдө 720 миң ардагер жашап, мунун 40 пайызы жашоо минимумунан аз пенсия алышат. Пенсияны көбөйтүү үчүн аракеттер көрүлүп жатканын Жапаров кошумчалады.