Министрлер кабинетинин жаңы курамы өзүнүн биринчи жана экинчи отурумун Баткенде өткөрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, отурумга даярдык иштери жүрүүдө, кышка чейин өткөрүлөт. Ошондой эле, Баткендин өнүктүрүү фонду түзүлүп, жыл сайын 500 млн сом каражат бөлүнүп турат. Мындан сырткары, 5-10 жылдын ичинде болгон финансылык мүмкүнчүлүктөр Баткен менен Нарын облустарына жумшалат, - деди Жапаров.