14-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда ичүүчү суу токтотулат.
Тагыраагы, Ала-Арча суусу темир жол линиясы, Жибек-Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары жана Жаш Гвардия - Темир жол линиясы, Фрунзе - Манас көчөлөрү чектешкен аймактарда болбойт. Таза суунун өчүрүлушү "Батыш-2" суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу экенин мэриядан кошумчалашты. Калаа бийлиги келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, ичүүчү сууну камдап алууну суранат.