Жаңылыктар
Салык кызматы сентябрь айында 9 млрд 717,1 млн сом суммасында салык жана төлөмдөрдү чогултту
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы сентябрь айында 9 млрд 717,1 млн сом суммасында салык жана төлөмдөрдү чогултту

Мамлекеттик салык кызматы сентябрь айында 9 млрд 717 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнап, план 100 пайызга аткарылды же 54 млн сомго ашык аткарылган. 

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, өткөн жылдын сентябрь айына салыштырмалуу 2 млрд 652 млн сомдон ашуун каражатка көбөйгөн. Быйыл январь-сентябрь айларында салык кызматы болжолдогу 72 млрд сомдун ордуна 75 млрд сомдон ашуун салык жана төлөмдөрдү жыйнап, белгиленген план 104,2 пайызга аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салык жана төлөмдөр 20 млрд сомго көбөйүп, өсүү 137,8%ды түздү.