Жаңылыктар
БШК шайлоого аттанган талапкер менен партиялардын күрөө фонду тууралуу маалымат берди
Кыргызстан жаңылыктары
БШК шайлоого аттанган талапкер менен партиялардын күрөө фонду тууралуу маалымат берди

Боршайком парламенттик шайлоого аттанган талапкер менен партиялардын күрөө фонду тууралуу маалымат берди. Партиялар бир миллион сом, бир мандаттуу округдан чыккандар 100 миң сом төгөт. 

Партия өтпөй калып, бирок добуштардын бир пайызына, бир мандаттуу округдагылар беш пайызына ээ болсо, 10 күндүн ичинде БШКга каржылык отчётун тапшырса. БШК тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса. Бюллетендин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого катышуудан баш тартса күрөөсү кайтарылат. 

Ал эми мыйзам бузуунун натыйжасында добуш берүү күнүнө чейин талапкерди, саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоо жокко чыкса. Саясий партиянын алган добуштары жараксыз деп табылса кайтарылбайт. Бул каражат республикалык бюджетке которулмакчы.