Жакынкы күндөрү өлкөгө коронавируска каршы Moderna жана Pfizer вакциналары келет. Бул тууралуу Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова маалымат жыйынында билдирди.
Бүгүнкү күндө Кытайдын “Синофарм” ал эми Россиянын “Спутник V” вакциналары менен калкты эмдөө уланып жатат. Вакцинанын биринчи дозасын 876 миң 740 адам, экинчи өлчөмүн 662 миң 54 адам алды. Калкты коронавируска каршы эмдөө компаниясы Президенттин “Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү жана калктын жашоо сапатын жана саламаттыгын жакшыртуу” жарлыгынын алкагында ишке ашырылууда.
Мындан тышкары, аталган жарлыкка ылайык, пандемия маалында иштеген дарыгерлер үчүн бөлүнгөн каражатты максаттуу бөлүштүрүү жана калкка жеткиликтүү кызмат көрсөтүү иш-чаралары бекитилген. Эскерте кетсек, үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринин эмгек акылары 100 пайызга, ал эми калган медкызматкерлердин айлыгы 50 пайызга көтөрүлгөн.