Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун алдында уюштурулган биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө Конвенциянын катышуучуларынын он бешинчи кеңешмесинде видеокайрылуу жасады.
Өлкө башчысы, кеңешменин негизги багытына ылайык, акыркы учурдагы климаттын өзгөрүүсү, анын улуу Тянь-Шань менен Памирдин экосистемасына тийгизген терс таасири тууралуу кеңири баяндап, экологиялык көйгөйлөргө арналган эл аралык иш-чараларды уюштуруу маселелерине басым жасады.