Азыркы тапта элге жеткен маалыматтардын баары эле чындыкка дал келбейт. Арасында туура эмес маалыматтар элди бүдөмүк пикирге алып келет.
Бул багытта Медиалык жана маалыматтык сабаттуулук иш-аракеттеринин стратегиясын жана окуу программасын иштеп чыгуу боюнча улуттук семинар өттү. Анда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, журналисттерди даярдаган жогорку окуу жайлардын мугалимдер жамааты катышып, элдин маалыматты кабыл алуудагы сабаттуулугун жогорулатуу боюнча окуу программаны талкуулады.
Жарандар маалыматты смартфондор аркылуу чын-төгүнүн билбей туруп алгандыктан ага толук ишенип, коомдо туура эмес пикирлер жаралууда. Мындан улам кандайдыр бир кабарды укканда анын канчалык чындык экенин ылгап электен өткөрүүнү үйрөтүү жолдору айтылды. Эл аралык уюмдар семинар же түшундүрүү жолу аркылуу калкка жеткирүүдө Коомдук биринчи каналды негизги өнөктөш катары тандап, каналдын жардамы менен элге такталган туура маалыматты жеткирүүдө бирге иш алып барышат.