Жаңылыктар
Мектептердин жанында зыяндуу тамак-ашты жарнамалоого тыюу салуу демилгеленүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Мектептердин жанында зыяндуу тамак-ашты жарнамалоого тыюу салуу демилгеленүүдө

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун карап, концепциясын жактырды. 

Жогорку кеңештин депутаты Евгения Строкова мыйзам долбоору балдардын туура тамактанууга болгон укуктарын жүзөгө ашырууга багытталганын белгилеп, туздун жана эт майынын камтылышы жогору болгон тамак-аш азыктарынын маркетингин чектөө максаты коюлгандыгын билдирди. 

Маалыматка ылайык, тиешелүү мыйзамдар аркылуу саламаттык сактоо жана билим берүү уюмдарынын имараттарынын, спорттук залдардын, стадиондордун жана аларга жанаша жайгашкан жайлардын айланасындагы 100 метр аралыкта ден соолукка зыяндуу тамак-аштарды жарнамалоого чектөө киргизүү демилгеленүүдө.