Өлкө аймагында "Легалдуу эмес — 2021" деп аталган рейд башталганын Ички иштер министрлиги кабарлады.
Иш-чараны ИИМдин экстремизм менен мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы жүргүзүүдө. Министрлик чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды өлкө аймагында жүрүү жана иштөө тартибин сактоого чакырды.
Рейд 11-октябрдан 18-октябрга чейин уланып, ЖККУнун мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү системасынын алкагында жүргүзүлөт.