Ош шаарындагы жаштар борборунда "Эл аралык кыздар күнү" белгиленди. Иш-чарага жогорку жана орто окуу жайларынын кыздар кеңешинин төрайымдары, жаш активисттер катышты.
Иш-чаранын алкагында шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан кыздардын потенциалдык ишмердүүлүгүн жогорулатуу, кыздар арасындагы ынтымакты, достукту бекемдөө максатында "Кыз адеби кымбат" аталышындагы конференция уюштурулду.