Алдыдагы парламенттик шайлоону ачык-айкын, таза өткөрүү аракети уланууда. Жогоку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штаб жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул ирет Бишкек шаарындагы райондордун башчыларына, укук коргоо, көзөмөл органдарына жана округдук шайлоо комиссияларынын төрагаларына мыйзамсыз аракеттерге барбоо керектиги айтылып, өнөктүккө байланыштуу кеңири маалымат берилди.
Жетинчи чакырылыштын депутаттарынын келишине аз гана убакыт калды. Бул жолу шайлоо мурдагыдай нааразычылыктарды жаратпашы үчүн болгон аракеттер көрүлүп жаткан учур. Республикалык штаб алгач буга чейин пайдаланылып келген админстративдик ресурс колдонулбай турганын белгилөөдө.
Ар бир партияга жана талапкерге бирдей шарт түзүлүп, административдик ресурстарга жол берилбейт. Эгер мамлекеттик кызматкерлер мыйзамсыз аракеттерге катыша турган болсо, тийиштүү чаралар көрүлөт. Кылмыш ишин жасаган болсо кылмыш жоопкерчилигине тартылып, жумуштан алынат.
Ушул эле маалыматтар Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жетектеп жаткан Республикалык штабдын көчмө жыйыны аркылуу бардык региондорго жеткирилди. Анда Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова эл өкүдөрүн аралаш система менен тандоонун өзгөчөлүктөрү, эрежелери боюнча айтып берүүдө.
Эске салсак, БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирген. Ал эми, бир мандаттуу округдан аттангандардын саны 190дон ашты.
Шайлоочулар 12-ноябрга чейин өздөрүнүн тизмесин tizme.gov.kg сайтынан тактай алышат. Акыркы тизме 18-ноябрда жарыяланат.