Европада газдын биржалык баасы жогорку көрсөткүчкө жетти. Жыл башында миң куб метри 256 доллардан болсо, 1-октябрга карата 1900 доллар болду. Баанын мындай көрсөткүчү тогуз айда 650% кымбаттады. Учурда көгүлтүр от өндүргөн мамлекеттерге караганда импортко көз каранды өлкөлөрдө баалар өзгөрдү. Бирок ага карабай учурда Кыргызстанда газдын баасы импортко көз каранды мамлекеттер арасында төмөн баада сатылууда.
Рынок шартында Европада эле эмес КМШ мамлекеттеринде да көгүлтүр отко болгон баалар бир топ өзгөрдү. Ички рынокто өндүргөн өлкөлөргө караганда сырттан ташыган мамлектетерде баа бир топ кымбат. Өзбекстан, Казакстан, Россия, Азербайжан газ өндүргөн мамлекеттерге кирсе, Армения, Грузия, Беларусь, Украина, Кыргызстан сырттан сатып алып калкты көгүлтүр от менен камсыз кылышат.
Жыл башынан бери Казакстанда газ 6% кымбаттады. Көгүлтүр оттун кору бар болгону менен андагы жабдыктардын 70%ы 40 жылдан ашык кызмат кылып эскиргендиктен коңшу өлкөдөгү газ тейлөө тармагы толук жаңыланууга муктаж. Бул арады Кыргызстанда газга болгон кооптонуу жок. баалар азырынча туруктуу. Учурда райондорду көгүлтүр от менен камсыз кылуу иштери план боюнча жүргүзүлүүдө.
2014-жылга чейин Кыргызгаз жаратылыш газынын миң куб метрин 290 доллардан сатып алчу. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда КМШдагы сырттан газ сатып алган мамлекеттердин арасында баа эң арзан.
Жаратылыш газына болгон баа доллардын кунуна түздөн-түз байланыштуу өзгөрүлөт. Эл аралык мейкиндикте доллардын өсүшү газдын рыноктогу баасына таасир эткендиктен ай сайын өзгөрүлүп турат.