Жаңылыктар
Коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшү
Кыргызстан жаңылыктары
Коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшү

Өлкөдө коррупцияга каршы күрөш, аны түп тамырынан жоюу маселеси мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон калууда. Учурда жогорку мамлекеттик кызмат адамдары аралашкан, мамлекеттик мекемелердеги бир катар коррупциялык схемалар иликтенүүдө. Мындан сырткары көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, андагы жемкорлукту жоюу белгилүү бир натыйжаларды берүүдө.

Өлкөдө салык төлөө тутумдары толук санариптештирилип жатканы - бул төлөмдөрүнүн жыйымын сезилерлик жогорулатканын адистер белгилешет. Буга чейин кагазга толтурулган декларация же ар кандай маалымкаттар таштандыга айланып, ал эми каражат сол чөнтөккө түшчү.

Бирок, коррупцияга каршы күрөштү ырааттуу жүргүзүү маселесинде көйгөйлөр да аз эмес. Адистер мамлекеттик мекемелер менен ишкер чөйрөнүн, ошондой эле жарандык коом менен болгон байланыш солгун экенин айтышат. 

Ал эми саясат талдоочулар өлкөдө жүрүп жаткан коррупцияга каршы күрөштү жалпысынан канааттандырарлык деп баалашт, бирок жемкорлуктун кесепети менен эмес, алдына алуу иштерине көңүл бурууга чакырышууда. 

Учурда жогорку мамлекеттик кызмат адамдары аралашкан, мамлекеттик мекемелерде түзүлгөн бир катар коррупциялык схемалар иликтенүүдө. Өлкөдө коррупцияга каршы күрөш, аны түп тамырынан жоюу маселеси мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала бермекчи.