Экономиканы өнүктүрүү программасынын алкагында өлкөдө Кара-Кече жылуулук электр станциясы, ал эми Балыкчы шаарында күндөн жана шамалдан электр энергиясын өндүрүүчү ишканалар курулат. Аталган долбоорлор өлкөнүн орто мөөнөттөгү өнүгүү программасында камтылды.
Энергетика баштаган бир катар экономика тармактарына инвестиция тартуу, ишкерлерге жеңилдетилген шарттарды түзүү маселеси дагы - мамлекеттин бул багыттагы жаңы саясатынын негизин түзмөкчү.
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы бир нече ай талкуудан өтүп, акыркы варианты даяр болду. Анын алкагында өкмөт эконономика тармактарын колдоого ала турган 3 миңден ашык долбоорду ишке ашырганы турат. Негизги максат- ишкерлерге колдоо көрсөтүү аркылуу, жумушсуздукту жоюп, өндүрүш, өнөр жай жана кайра иштетүү ишканаларын ишке киргизүү.
Учурда экономиканын бардык тармактары боюнча орто мөөнөттүү программанын алкагында ишке ашырыла турган долбоорлор даярдалды. Анда ишкерлерге колдоо көрсөтүүнүн ыкмалары, каржы булактары, ошондой эле мамлекет менен жеке сектордун иш алып баруу механизмдери да камтылган.
Экономикалык ири долбоорлорго инвестиция тартуунун да мааниси чоң. Адистер коронавирус пандемиясы учурунда бул багыттагы иш аракеттер солгундап кеткенин белгилешет. Өкмөт учурда инвестклиматты жакшыртуунун үстүндө чечкиндүү кадамдарга барышы керек.
Алдыда ишке ашырыла турган ири долбоорлордун катарында энергетика тармагы негизги орунду ээлейт.
Анын алкагында өкмөт Кара-Кече жылуулук электр станциясын, ал эми Балыкчы шаарында күндөн жана шамалдан электр энергиясын өндүрүүчү ишканаларды курууну көздөп жатат. Мындан сырткары мамлекеттик үч банктын уставдык капиталдары 100 млн доллардан болуп, каражаттар экономика тармактарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоого жумшалат.