Кыргызстан менен Индия ар тараптуу кызматташтыкты арттырууга кызыкдар. Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкардын Кыргызстандагы иш сапарында алаканы жакшыртуу максатында 200 млн доллар жеңилдетилген насыя берүү боюнча меморандумга кол коюлду. Мындан сырткары Индия тарап медициналык багытта кыргыз жарандарына жардам берип, илдети оор болгондорду дарылоо боюнча макулдашуулар жүрдү.
Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар баштаган делегациянын курамында Индия өкмөтүнүн билим берүү, медицина жана аскердик багыттагы жетекчилери бар. Алар тышкы иштер министрлиги баштаган топ менен тар жана кеңири курамда жыйын өткөрүп, индиялыктардын Кыргызстанда билим алуусу үчүн квоталарды көбөйтүү, боор, бөйрөк жана онкологиялык оорулар менен жабыркагандарды Индияга алып барып убара болбой өз мекенинде дарылоо, индустриялык багыттагы долбоорлорду колдоо, аймактарды өнүктүрүү сыяктуу бир катар тармактарда кызматташуу тууралуу сүйлөштү.
Индия социалдык чөйрөдөгү долбоорлорду ишке ашырууга кайтарымсыз жардам бере турган болду. Тиешелүү меморандумга тышкы иштер министрлери кол коюшту. Тез ишке ашырылуучу долбоорлор үчүн 1 млн 500 миң доллар, аны менен катар Индия өкмөтү тарабынан 200 млн доллар жеңилдетилген насыя берүү маселеси талкууланды.
Лайф: документ алмашуу...
Индиянын тышкы иштер министринин расмий иш сапарынын алкагында эки өлкө ортосунда миңден ашык сөздөрү окшош болгон биринчи хинди-кыргыз сөздүгүнүн бет ачары болду. Сөздүк Индиянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан түзүлгөн.
Эки тарап мындан тышкары маданий мурастарды сактоо, биргеликте археологиялык казууларды жүргүзүү жолу менен тарых жана маданият эстеликтерин, коруктарды, кол жазмаларды коргоо, медицина, саламаттык сактоо, билим берүү багытында сүйлөштү. Ошондой эле аймактык коопсуздук, Ооганстандагы абалдын таасирлери, терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү маселелери да талкууланды.
Эки элдин дипломатиялык кызматташтыгы 1992-жылдан бери туруктуу өнүгүп, азыркы тапта 13 миңден ашык индиялыктар Кыргызстанда билим алышат. Бул аралыкта 100гө жакын түрдүү келишимдерге кол коюлган. Аны менен катар ШКУ, БУУ, ДССУ, ЮНЕСКО, Интерпол уюмдарынын алкагында да кызматташтык бекемделүүдө.