Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаардагы "Жылуулук менен камсыздоо" коммуналдык ишканасында болду.
Анын жүрүшүндө ишкананын жетекчиси Бекмурза Эргешов жылытуу борбору кыш мезгилине толугу менен даяр экенин билдирди. Мэр бир катар социалдык объектилерге, анын ичинде отканалардын бирине барды. 46 жыл мурда курулуп, мазут менен иштеген откана 1998-жылы шаардын экологиясын сактоо максатында жогорку чыңалуудагы электр энергиясына өткөрүлгөн.
Ал 16 көп кабаттуу үйдү, бала бакчаны, мектепти, балдар китепканасын, илимий мектепти жана ОшМУнун колледжин тейлейт. Жалпысынан Ош шаарында жылуулук менен камсыздоочу 86 откана бар. Мунун 19у электр энергиясы, 66сы көмүр, бири газ жана көмүр менен иштейт. Алар шаардагы 95 мамлекеттик жана социалдык мекемелерди, 303 көп кабаттуу жана 230 турак жайды жылуулук менен камсыздайт.