Индия социалдык чөйрөдөгү долбоорлорду ишке ашырууга кайтарымсыз жардам берет. Тиешелүү меморандумга Кыргызстан менен Индиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Субраманьям Джайшанкар кол коюшту.
Ошондой эле Индия өкмөтү тарабынан 200 млн доллар жеңилдетилген насыя берүү маселеси каралды. Казакбаев белгилегендей, Кыргызстан Индия менен болгон мамилелерди жогору баалайт, ошого байланыштуу эки өлкөнүн ортосундагы саясий байланыштарды бекемдөө зарыл.
Эске салсак, Индиянын тышкы иштер министри расмий иш сапары менен Кыргызстанга келген. Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыктын алкагында эки өлкөнүн өз ара аракеттерин туруктуу бекемдөө белгиленди.