Жаңылыктар
Улуттар ортосундагы достукту чыңдоого багытталган "Үч муундун жолугушуусу" аталган иш-чара өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттар ортосундагы достукту чыңдоого багытталган "Үч муундун жолугушуусу" аталган иш-чара өттү

Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов Жиззах облусунда болуп, "Үч муундун жолугушуусу" иш-чарасына катышты. Бул тууралуу Ташкенттеги Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн атташеси Айжамал Карамурзаева билдирди. 

Элчи өз сөзүндө Өзбекстанда жашаган түрдүү улуттардын ортосундагы достукту жана ынтымакты чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди белгиледи. Иш-чарага аталган облуста жашаган кыргыз, казак, тажик, түркмөн, корей жана башка улуттардын диаспораларынын өкүлдөрү катышты. Мындан сырткары Жунусов Заамин районунун Дуоба айыл тургундарынын жашоо шарты, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектеп, медициналык пункт жана тигүү цехине барды. 

Айта кетсек, бул айылдын 85 пайызын этникалык кыргыздар түзөт. Жунусов Өзбекстандын мамлекеттик ишмери Шароф Рашидовдун, акындар Зульфиянын жана Хамид Олимжондун эстелигине гүл коюу аземине катышты.