Жаңылыктар
Жарандык активисттер “Центтерра” компаниясына каршы акцияга чыгышты
Кыргызстан жаңылыктары
Жарандык активисттер “Центтерра” компаниясына каршы акцияга чыгышты

Жарандык активисттердин канадалык “Центтерра” компаниясына каршы кезектеги акциясы өттү. Алар Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги имаратынын алдында эл аралык коомчулукту “Кумтөрдөгү” экологиялык абалга көңүл бурууга чакырды. 

Активисттер жаратылышка келтирилген залака катары кендин айланасында табылган жаңы фактыларды көрсөтүштү. Атайын кабыл алынган кайрылуу резолюциясы Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесине тапшырылды.