Жаңылыктар
Бишкек шаарынын аймагында өткөн аптада 4 миң 228 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын аймагында өткөн аптада 4 миң 228 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды

1-октябрдан 7-октябрга чейин Бишкек шаарынын аймагында милициянын кайгуул кызматкерлери 4 миң 228 жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу шаардык милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматы билдирди. 

Мас абалында унаа башкарган - 47, унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылаткан - 13, айдоочулук кубөлүгү жок - 32, жасалма мамлекеттик номур менен - 1, жөө жүргүнчүлөр жана велосипед айдаган жарандар катышкан жол эрежесин бузуулар - 58, ээнбаштык менен - 2 айдоочу, башка жол эрежелерин бузуулардын саны - 4 миң 75 болду. 401 унаа ар кандай бузуулары үчүн убактылуу айып жайына токтотулду.