Жаңылыктар
Салык кызматы: КНС боюнча киреше өстү
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы: КНС боюнча киреше өстү

Электрондук эсеп-фактуралар киргизилгенден кийин киреше наркынан түшүүлөр акырындап көбөйө баштаганын Салык кызматынан билдиришти. 

Алсак, үстүбүздөгү жылдын 9 айында 29 млрд. сомдун тегерегинде каражат түшүп, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 150,45 пайызга көп. Электрондук эсеп-фактураны киргизгенден кийин КНС боюнча кирешелердин көбөйүшү, учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга жана өлкөдөгү экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнө карабастан мамлекеттик казынанын өсүшүнө оң таасирин тийгизүүдө.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын 1-июлунан тартып бардык салык төлөөчүлөр жана товарларды импорттоо же экспорттоо менен алектенген субъекттер электрондук эсеп фактураны милдеттүү түрдө колдонууга өтүшкөн.