Жаңылыктар
Шайлоо-2021. Үч партия шайлоого катышуудан баш тартты
Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоо-2021. Үч партия шайлоого катышуудан баш тартты

“Эмгек” партиясы, "Либералдык-прогрессивдүү партиясы” жана “Ар-Намыс” партиясы алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди. 

БШК жыйында баш тарткан партиялардын билдирмесин карап, төмөнкү чечим кабыл алынды. Белгилей кетсек, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жокко чыгарылып, алардын каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылды. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ушул жылдын 28-ноябрына белгиленген.