Жаңылыктар
Кыргыз ССРнин эл артисти Ирина Деркембаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз ССРнин эл артисти Ирина Деркембаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт

Бүгүн, саат 11:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Кыргыз ССРнин эл артисти, опера ырчысы Ирина Деркембаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү "Ала- Арча" көрүстөнүнө коюлат. Белгилей кетсек, Деркембаева 1952-жылдан тартып кыргыз опера жана балет театрынын солисти болуп эмгектенген. Кийинки жылдары театрдагы ишин улантуу менен бирге Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда, Улуттук консерваторияда 30 жыл сабак берген. 

Ирина Деркембаева вокалисттердин жана балет бийчилеринин бүткүл союздук конкурсунун эки жолку лауреаты. Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси болгон. Деркембаева 2021-жылдын 9-октябрында 94 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.