Жаңылыктар
Москвадагы мекендештер акысыз юридикалык жардам ала алышат
Кыргызстан жаңылыктары
Москвадагы мекендештер акысыз юридикалык жардам ала алышат

Россиянын борбору Москва шаарында жана Москва облусунда кыргыз диаспорасынын кеңешинин кеңсеси ачылды. Ал Таганская метро станциясынан алыс эмес жерде, Марксистская көчөсү 10, 1 -имарат, 310 -кеңседе жайгашкан. 

Бул дарек юридикалык жардамга муктаж болгон мекендештерге керек болот. Уюмдун төрагасы Кубанычбек Осмонбековдун айтымында, бардык кыргызстандыктарга кеңседе бекер юридикалык кеңештер жана жактоочунун кызматы көрсөтүлөт.

Баса белгилеп кетсем, Москвадагы жана Москва облусундагы кыргыз диаспорасынын Кеңеши Россиянын Юстиция министрлигинде расмий каттоодон өттү. Бүгүнкү күндө расмий маалыматтарга ылайык, 700 миңге жакын кыргыз жарандары Москва шаарында жана Москва облусунда жашап, иштешет.