Жаңылыктар
Сузак айыл өкмөтүнүн имараты өрттөндү
Кыргызстан жаңылыктары
Сузак айыл өкмөтүнүн имараты өрттөндү

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сузак айыл өкмөтүнүн имаратында өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, мекемеге эртең мененки саат 08:16да маалымат түшүп, Сузак райондук жана Жалал-Абад шаардык өрткө каршы күрөшүү кызматы тилсиз жоону өчүрүүгө тартылышкан. Көмүрканадан чыккан өрт 9:03тө чектөөгө алынган. Отун сакталуучу жай айыл өкмөттүн имаратына катарлаш жайгашкандыктан, өрт ал тарапка өткөн.