Норвегияда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн 60 кг салмакта Жоламан Шаршенбеков күмүш байге алды. Ал 9-октябрда финалда молдовалык Виктор Чобану менен күрөшүп, 3:9 эсебинде жеңилип калды. 1-айлампада Шаршенбеков үч упай менен алдыга чыккан. 2-айлампада тогуз упай молдовалык балбандын эсебине жазылды.
Шаршенбеков менен Чобану быйыл Токиодо Олимп оюндарында чейрек финалда беттешип, молдовалык балбан жеңген. Жоламан Шаршенбеков менен Виктор Чобану экөө тең 2018-жылы Венгрияда өткөн Дүйнө чемпионатында күмүш байге алышкан. Ал кезде Шаршенбеков 55 кг, Чобану 60 кг салмакта күрөшкөн. Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең күмүш байге алган алгачкы кыргызстандык спортчу. Жоламан Шаршенбеков 22 жашта. Уландар арасында Азия жана Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган. Чоңдор арасында Азия чемпионатында эки жолу күмүш байгеге ээ болгон. 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону жана Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси. Токио Олимпиадасынын катышуучусу.
Ушуну менен Кыргызстандын балбандары Норвегиянын Осло шаарындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында таймаштарын жыйынтыкташты. Дүйнө чемпионатында буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы коло медаль алган. Эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло тагынышкан.