Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык жумушчу топтун кезектеги сүйлөшүүлөрү Исфана шаарында жүрдү. Сүйлөшүү 5-октябрдан 9-октябрга чейин созулду. Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жыйынтыгы менен протоколго кол коюлду. Тараптар топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусун Тажикстандын аймагында өткөрүүнү макулдашты. Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү маанайда өттү.