Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 7 миң 170 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 418 адам вакцинанын биринчи дозасын, 2 миң 752 жаран экинчисин алды. Өлкө боюнча жалпы 869 миң 40 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 656 миң 857 жаран экинчи компоненти менен эмделди.