Бир сутка ичинде Кыргызстанда 93 кишиден коронавирус табылып, 66 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады. Бишкекте – 71, Чүйдө – 6, Талас облусунда– 4, Нарында – 2, Ысык-Көл облусунда – 10 жаңы учур катталды. Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 179 миң 281ге жетти. Анын ичинен 174 миң 19 адам дартты жеңген. Кечээтен бери COVID бир бейтаптын өмүрүн алды.
Аны менен жалпы 2 миң 619 киши коронавирустун курмандыгы болду. Учурда стационарда 449, ал эми амбулатордук шартта 702 адам дарыланып жатат. Өткөн сутка ичинде 7 миң 170 адам коронавируска каршы эмделген. Анын ичинен 4 миң 418и биринчи дозасын алса, 2 миң 752 адам экинчи компонентин сайдырды.