Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары ушул жылдын 17-августунан 18-августуна караган түнү Жалал-Абад шаарындагы "Достук" кафесинин официантынын денесине залал келтирип, белгисиз тарапка качып кеткен жеке адамдардын катышуусуна УКМКнын төрагасынын туугандык тиешеси бар экендиги тууралуу жалган маалыматтарды жарыялашкан.
Атайын кызмат жаңжалды уюштурган адам Камчыбек Ташиевдин тууганы эмес экенин жана ага эч кандай тиешеси жок экендигин маалымдайт.
Ырасталбаган мындай маалыматтар аркылуу Ташиевдин атын каралоо жана анын аброюна шек келтирүү максатында болууда. Өз кезегинде УКМК төрагасы жогорудагы аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо үчүн жергиликтүү ички иштер органдарына ар тараптуу жардам көрсөтүүнү тапшырды.