Жаңылыктар
Садыр Жапаров: Ар бир жаран Бирназар бий сыяктуу өлкөгө ак кызмат кылсын
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров: Ар бир жаран Бирназар бий сыяктуу өлкөгө ак кызмат кылсын

Кыргызстандын ар бир жараны жана өлкө жаштары элге жана Мекенге ак кызмат кылган Бирназар бийден үлгү алышсын! Мындай пикирин Президент Садыр Жапаров , 9-октябрда, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда элдик баатыр Бирназар бийдин 300 жылдыгына арналып өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада билдирди. Тарыхый маалыматтар аркылуу белгилүү болгондой, Бирназар бий 18-кылымдын аягы, 19-кылымдын башында бугу кыргыздарын башкаруу тизгинин колуна алып, дээрлик бир кылым бою калмактардын каарынан улам түштүк жергесин байырлаган Нарын, Чүй, Көл, Талас элин түштүк жергесинен көчүрүп келүүнүн көч башында турган инсан болгон. Аны кыргыздын сарыбагыш, солто, саруу элдеринин аттуу-баштуу бийлери менен бай-манаптары, казак султандары менен өзбек феодалдары ар тараптуу колдоого алып турушкан.

Бул окуяларды белгилүү орус окумуштуусу, Чыгыш элдеринин тарыхын изилдеген орус императорунун Географиялык коомунун анык мүчөсү Николай Аристов 1847-жылы өз эмгектеринде сүрөттөгөн - деди Президент Садыр Жапаров.