Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле көп тараптуу аянтчалардын алкагында эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашышты.
Тараптар ушул жылы Москва жана Сочи шаарларында мамлекет башчыларынын жолугушууларынын жыйынтыгында жетишилген келишимдерди эртерээк ишке ашыруу зарылдыгын белгилеп, эки тараптуу мамилелерди кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн мындан аркы өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.