Жаңылыктар
Кыргызстан эл аралык университетинин клиникасы ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан эл аралык университетинин клиникасы ачылды

Кыргызстан эл аралык университетинин клиникасы ачылды. Медициналык жайда бардык ооруларды дарылоо жүргүзүлөт. Дартты аныктоочу жана дарылоочу заманбап жабдуулар менен камсыздалган. 

Тургундардын саламаттыгына кам көрүп, ошол эле учурда окуу жайдын медицина багытында билим алып жаткан студенттердин тажрыйба топтоосуна да шарт түзүлүүдө. Клиниканын ачылышына саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана университеттин жетекчилиги катышты.