Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов калаадагы жылуулук электр борборунун кышка даярдыгын текшерди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, калаа башчысы ар бир аткарылган иштерди жеринен көрүп, жетекчилерине электр энергиясын азыраак колдонуу багытында иштерди алып барууну тапшырды.
Оштогу жылуулук электр борборунда быйыл 3 даана буу казандын экөө кароодон өткөрүлүп, жылуулук берүүгө даярдалды. ЖЭБдин балансында узундугу 58,757 чакырым тармактары бар.
Мазут даярдоо иштери боюнча “Кыргызнефтегаз” ишканасы тарабынан түзүлгөн эки тараптуу келишимдердин негизинде көлөмү 3 миң 8 тонна мазут отуну ташылып келип, өткөн жылдан калган мазуттун калдыгын кошкондо 5387 тоннаны (21,5%) түздү.
Андан тышкары, "Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коому менен 3 млн м3 жаратылыш газын алууга келишим түзүлдү.
Белгилей кетсек, жылуулук борбору 331 көп кабаттуу үйдү, 192 жеке турак жайды, 19 балдар бакчасын, 8 жогорку жана орто окуу жайын, 19 мектепти, 88 бюджеттик ишкананы, 323 жеке ишкананы жылуулук менен камсыздайт.