Жаңылыктар
9-октябрь - бүткүл дүйнөлүк почта күнү
Кыргызстан жаңылыктары
9-октябрь - бүткүл дүйнөлүк почта күнү

Дүйнө санариптешип уюлдук телефон, интернет байланышы өнүккөнүнө карабай почта байланышынын орду орчундуу. Кыргызстанда да бул кызмат көрсөтүү дүйнөлүк почта коомчулугунан артта калбай өнүгүп келет. Бүгүнкү күндө өлкөдө аны миңдеген жарандар колдонот. 

Бул жеткирүү боюнча чакан бөлүмдүн кызматкерлери каттар менен бандеролдорду дарегине жараша иргешет. Өзгөчө электрондук соода өнүккөнү почта аркылуу майда барат буюм-тайымдарды сырттан буйрутма берип алгандар көбөйдү. Негизинен Сингапур менен Кытайдан жана башка мамлекеттерден жөнөтүүлөр келет. Же тескерисинче чет мамлекеттерге жөнөткөндөр да бар. Себеби почта аркылуу жөнөтүү алда канча ишенимдүү. 

Бүгүнкү күндө өлкөнүн почта бөлүмдөрү жарандарга кызматтардын бир нече түрүн көрсөтөт. Пенсия, жөлөк пул төлөөдөн тышкары салыктын түрлөрүн, бала бакчага болгон төлөм, айып пул, интернет, коммуналдык кызматтар үчүн төгүмдөрдү жүргүзсө болот. Андан тышкары акча которуулар, өлкө ичинде документ жөнөтүү кызматтары ишке ашырылат. Мындан улам күнүмдүк жашоодо почта кызматынын орду чоң. 

Өлкө боюнча мындай почта бөлүмдөрүнүн саны 921. Учурда тармакты санариптештирүү тагыраагы автоматташтырылган каржы тутумун киргизүү, почта аркылуу көрсөтүлгөн кызматтарды кеңейтүү, кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатуу, тармактын инфратүзүмүн жакшыртуу иштери колго алынып жатат. Бул максатта Санариптештирүү министрлиги “Кыргыз почтасы” мамлекеттик кызматынын жетекчилиги менен иш алып барууда. 

Жакынкы келекте почта бөлүмдөрүндө электрондук коммерция багытындагы иштерди жолго коюу жагы да каралып жатат. Ал үчүн Россия жана башка мамлекеттердеги соода аянтчалары менен келишим түзүп, ал аркылуу жарандарыбыз электрондук сооданы өнүктүрсө болот. 

Бүгүнкү күндө почта кызматында 3 миңден ашык кызматкер эмгектенет. Бүткүл дүйнөлүк почта күнүндө эмгеги менен өзгөчөлөнгөн кызматкерлер мекеменин ардак баракчалары менен сыйланышты.