Дыйкандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “Айыл Банкка” өзүнчө кредиттик линия ачуу үчүн 426 млн сомдон ашык каражат бөлүндү. Тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.
Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык, насыя мамлекеттик “Айыл банк” аркылуу берилет. Чарба жүргүзүүчүлөр кайра иштетүүчү техникаларды, тамчылатып сугаруу үчүн атайын машиналарды жана жабдууларды алса болот.
Айыл чарба техникаларын лизингге берүүнүн шарттары төмөндөгүдөй:
1) лизингдин мөөнөтү - 10 жылга чейин;
2) пайыздык чеги - 1 жылга 4,5 пайыз;
3) баштапкы салымдын өлчөмү - лизингдеги буюмдун акчалай түрдөгү наркынын 10 пайызынан кем эмес;
4) карызды төлөө графиги бузулган учурда ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасынын 0,01% өлчөмүндө насыянын негизги суммасынан ашпаган эсептөө жүргүзүлөт.
Бул долбоор боюнча “Айыл банкка” кырктай арыз түштү. Кардарлар ала турган техникалардын жалпы суммасы 110 млн. сомду түзөт.
Аталган долбоорду кошпогондо, өлкөдө 2011-жылдан бери лизингге техника берүү боюнча 6 долбоор иштеп жатат. Бул убакыт аралыгында дыйкандарга 6 млрд. сомго 3800 техника жеңилдетилген шарттар менен берилди. Азыр азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана товар өндүрүүчүлөрдү айыл чарба жана башка техникалар менен камсыздоодо мамлекеттик колдоо маанилүү - дешет адистер.
Дыйкан, фермер, ишкерлер айыл чарба техникаларын 23-25-октябрда борбордогу эски аянттан көрө алышат. Бул күндөрү “Агротехэкспо-2021” көргөзмө-жарманкеси өтүп, дыйканчылыкка керектүү техника, жабдыктар дагы коюлат.