Жаңылыктар
Чолпон-Ата шаарында КМШ өлкөлөрүнүн жазык кызматтарынын VI кеңешмеси өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Чолпон-Ата шаарында КМШ өлкөлөрүнүн жазык кызматтарынын VI кеңешмеси өттү

Кыргызстандын мамлекеттик жазык аткаруу кызматы КМШ мамлекеттери менен кызматташтыкты арттырат. Чолпон-Ата шаарында көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жазык аткаруу кызматтарынын өкүлдөрүнүн жыйыны өттү. 

Анда буга чейинки кеңешмеде кабыл алынган келишимдердин ишке ашуусу, Кыргызстандын тажрыйбасы, жазык аткаруу кызматына жумушчуларды дайындоо сыяктуу маселелер талкууланды. Ошондой эле, 7-кеңешмени Тажикстанда өткөрүү боюнча иш мерчеми кабыл алынды.

Белгилей кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн жазык аткаруу органдарынын кезектеги кеңешмеси Кыргызстанда биринчи ирет уюштурулду. Ага Казакстан, Россия, Беларусь, Тажикстан мамлекеттери жана ЕККУнун өкүлдөрү катышышты. Ал эми Армения жана Өзбекстандын өкүлдөрү онлайн форматта иш алып барышты.