Жаңылыктар
Антикоррупциялык ишкер кеңештин телеграмм-бот каналы ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Антикоррупциялык ишкер кеңештин телеграмм-бот каналы ишке кирди

7-октябрдан тарта Президенттин алдындагы Антикоррупциялык ишкер кеңештин телеграмм-бот каналы иштеп баштады. 

Канал жарандык сектор менен ишкерлердин жана мамлекеттик органдардын ортосунда түз байланышты камсыздайт. Колдонуучулар каналга арыз-даттанууларын, мыйзам бузууларды, коррупциялык көрүнүштөрдү, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды жибере алышат.

АДСтин телеграмм-бот каналы жарандык сектор менен бизнес коомчулуктун тыгыз жана натыйжалуу иштөөсү үчүн дагы бир түйүн болуп эсептелет. Президенттин алдындагы анткоррупциялык ишкер кеңештин бул каналына каалоочулар жазыла алышат.