Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №31 түзөтүү колониясынын жетекчиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
"Белгиленгендей, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жазасын өтөп жаткан адамдан жатак-абакка которуу же шарттуу түрдө бошотуу боюнча материалдарды даярдоо үчүн акча талап кылган", - деп айтылат маалыматта. Кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.