Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жетиштүү шарт түзүү боюнча беш жылдык программа иштелип чыкты. Аны ишке ашыруу үчүн бюджеттен атайын каражат бөлүндү.
Майыптыгы бар жарандардын кеңешмесинде андагы негизги талаптар боюнча талкуу өтүп, тиешелүү министрликтер менен мекемелердин жетекчилери суроолорго жооп беришти. Өлкөдө жалпы 100 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген жаран болсо анын 29 миңи мектеп жашындагы балдар. Арасында 4 миңден ашыгы кулагы укпай, сүйлөй албаганы менен бардык жумуштарды аткарып, дени сак жарандардын катарын толуктап келет. Мамлекет тарабынан колдоо катары 4 миң сом жөлөк пул чегерилген.
Мындан сырткары майыптыгы бар балдарын карап үйдө отурган энелерге 800 сомдон колдоо каражаты да берилет. Кеңешмеде талкууланган талаптарга ылайык, коомдук жайларда, мекемелерде жана транспортто майыптардын эркин жүрүшү үчүн шарттарды түзүү, эмгек кодексине ылайык, кызматкерлердин 5%дан кем эмес бөлүгү мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар болушу сыяктуу маселелер каралган.