Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, аба ырайынын кескин сууктаганына байланыштуу курч респиратордук вирустук оорулар күч алды.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, акыркы бир жумада курч респиратордук вирустук оорунун 1 миң 466 учуру катталган, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине карата 805 учурга көп. Бишкек шаары россиялык өндүрүштөгү "Гриппол плюс" сасык тумоого каршы 14 миң 685 доза вакцинасын алды.
Бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору тобокелге кабылган адамдарга сасык тумоого каршы эмдөөлөрдү жүргүзүшөт: балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, тез-тез ооруп жүргөн балдар, карылар жана майыптар үйлөрүнүн тургундары, тез жардам бөлүмдөрүндө, төрөт үйлөрүндө, реанимация бөлүмдөрүндө иштегендер үй-бүлөлүк дарыгерлер жана 65 жаштан ашкан адамдар эмдөөлөрдү алышат. 8-октябрга карата 2 миң 875 адам эмдөөдөн өттү, анын ичинде 11 кош бойлуу, 945 медициналык кызматкер, 812 өнөкөт оорулары бар балдар жана чоңдор, 65 жаштан жогору курактагы 678 адам жана 429 калктын башка катмары бар.