Жаңылыктар
Камчыбеков: Президенттин "Кумтөр" долбоорун Кыргызстан элине кайтаруу демилгеси эң туура кадам
Кыргызстан жаңылыктары
Камчыбеков: Президенттин "Кумтөр" долбоорун Кыргызстан элине кайтаруу демилгеси эң туура кадам

Кыргызстандын тоо өнөр жайчыларынын жана геологдор ассоциациясынын төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Камчыбеков "Кумтөр" долбоорун президенттин Кыргызстан элине кайтаруу демилгесин эң туура кадам деп эсептейт. 

Эксперт муну тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү деп атады. Кыргыз алтыны Кыргызстанга калышы керек. Анын арты менен алтын-валюта корун көбөйтүү жана ага инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады. Ал канадалыктардын кыргыз кенинде жапайычылык менен иш алып баруусунда күнөөнүн олуттуу бөлүгү Кыргызстандын бир катар аткаминерлери менен саясатчыларында экенин белгиледи. 

Алар чет элдиктерге эки мөңгүнү жок кылуу үчүн кармата беришкен. Буга байланыштуу коррупцияны иликтөө менен байланышкан кылмыш ишин абдан кылдаттык менен жүргүзүү керек, ошондо арбитраждык сотто кеңири далилдер базасы болот дейт, - эксперт.