Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери, юрист Кубанычбек Исабеков "Кумтөрдө" тышкы башкаруунун киргизилишин туура кадам деп атайт, бул үчүн президент Садыр Жапаровдун гана саясий эрки жетти.
Ошол эле учурда, "Бул башталышы гана, андан ары улутташтыруу зарыл",- дейт ал. Айтымында, эл аралык экономикалык хартия бар, ага Кыргызстан мүчө. Бул документте кайсы гана мамлекет болбосун, өз аймагында экономикалык жана чарбалык иш алып барган чет өлкөлүк компаниянын менчигинин түрүнө карабастан ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөгө, инвесторлорго суроо берүүгө, мыйзамдарды жана эрежелерди сактоону талап кылууга укуктуу экендиги белгиленген.
Табигый-климаттык, экологиялык коркунучтар же мамлекеттин жашоочуларынын өмүрүнө кооптуу жагдай туулса, мамлекет ишкананы улутташтырууга укуктуу. Башкача айтканда, биздин учурда, Кыргызстан улутташтырууга толук укуктуу жана Конституция буга жол берет.