Жаңылыктар
УКМК жер тилкесин мыйзамсыз которуу фактысын аныктады
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК жер тилкесин мыйзамсыз которуу фактысын аныктады

«Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад облусунун Сузак райондук филиалынын жетекчисинин орун басары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты. 

«Кадастр» ишканасынын Сузактагы филиалынын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, суу коргоо бөлүгүнүн аймагында жайгашкан жер тилкесин «Калктуу конуш» категориясына которуу боюнча тиешелүү документтери жок болгонуна карабастан берип жибергени аныкталган. 

5-октябрда Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, ишкананын башчысы кармалып, Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке 1 млн 21 миң 560 сом зыян келтирилген. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.