Кыргызстан менен Казакстан ынак коңшу гана эмес, ишенимдүү стратегиялык өнөктөш болуп саналат. Азыркы учурда Кыргызстанда 2 миңге жакын кыргыз-казак биргелешкен ишканалары иш алып барат.
Эки тарап соода-экономикалык кызматташтыктан сырткары, саясий, маданий гуманитардык, суу-энергетика жана транспорт багыттарындагы өз ара мамилелерин бекемдеп келет.