Кыргызстанда калктын санынын көбөйүшү менен электр энергияга болгон муктаждык да өсүүдө. Жыл сайын күзгө жуук электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу актуалдуу маселелердин бирине айланат. Адистер кыш мезгилинен ийгиликтүү чыгуу максатында эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Көп кабаттуу үйдүн тургуну Назира Абайылдаева электр жарыгын сарамжалдуу колдонгонго аракет кылат. Бөлмөлөрдүн жарыгын жөнү жок күйгүзүп койбой, дароо өчүрүп турууну көнүмүш адатка айланткан. Турмуш тиричиликте колдонулуучу электр жабдыктарын дагы иштебей турган маалда дайым токтон ажыратып коет. Ай сайын электр энергиясын пайдаланган төгүмүнө 200 сомго жетпеген акча келет.