Жаңылыктар
ИИМ системасындагы атоолордун сөздүгү жарык көрдү
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ системасындагы атоолордун сөздүгү жарык көрдү

Ички иштер органдарында колдонулган аталыштардын орусча-кыргызча сөздүгүнүн бет ачары болду. Сөздүк министрликтин башкы штабынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмчөсүнүн демилгесинде мекеменин бөлүктөрүнүн тилчи адистери менен биргеликте иштелип чыкты.

Аталган иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев, жана башка тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлери катышты. 

Ички иштер органдарында колдонулган терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү ички иштер органдарынын тарыхында алгачкы эмгектердин бири. Аталган сөздүктүн максаттуулугу жана бир эле ички иштер органдары эмес, жалпы укук коргоо органдарында колдонулуп жаткан атоолордун бир нукка салынышына өбөлгө болору, ошондой эле укук коргоо органдарында иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүгүртүүдөгү олуттуу көйгөйлөр, терминдерди бирдейлештирүүдөгү маселелер чечилип жатат. Ички иштер органдарындагы тил саясаты анын эң маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. 

Мамлекеттик тилде иш жүргүзүү бизде жакшы жолго коюлуп калды. Биз эне тил маселесине олуттуу мамиле жасап, документтердин баарын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнө көңүл буруп, эми минтип ИИМдеги терминоллгиялык атоолордун орусча-кыргызча сөздүгү боюнча да китептин бет ачаарын жасап жатабыз,- деди Сүйүн Өмүрзаков.